Ырчы Кыздаркан Келдибекова каза тапты
RU

Ырчы Кыздаркан Келдибекова каза тапты

Все самое интересное в Telegram

Ырчы, комузчу Кыздаркан Келдибекова көз жумду. Маалыматты Kaktus.kg сайтына сахналашы Самара Сабирова ырастады.

Айтымында, Кыздаркан Келдибековага операция жасалып, 3 күн комада жаткан.

"1 жыл мурда жүрөгүнө операция жасалган, бирок ошондон бери эле абалы жакшы болбой жүргөн. 3-4 күн мурда Ошто тобокелдик бар экенине карабай операция жасалып, комада жаткан. Бир күн мурда колу кыймылдап баштаганда сүйүнгөнбүз. 4-февралга караган түнү өтүп кетиптир", - деди сахналашы.

Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы Өзгөн районундагы Жылалды айылында төрөлгөн. Анын репертуарында "Ак тилек" "Телефон чалып тур", "Ойлодуң бекен?", "Сүйүү жазы" жана башка ырлары бар. Артында үй-бүлөсү, 4 жаштагы кызы калды.

Kaktus.kg редакциясынын жамааты Кыздаркан Келдибекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15475