Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды
RU

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу 30-январдан 5-февралга чейин уланганын Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15481