Россияда кароосуз калды делген 5 өспүрүм өлкөгө жеткирилди
RU

Россияда кароосуз калды делген 5 өспүрүм өлкөгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна Россия Федерациясынан 5 өспүрүм жеткирилди. ИИМден билдиришкендей, өспүрүмдөр башка мамлекеттин аймагында кароосуз калышкан.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ЖУАБдун кызматкерлери "Манас" аэропортунан Москва – Бишкек каттамы менен келген өспүрүмдөрдү тосуп алышкан. Алар ИИМдин Москвадагы Башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн убактылуу кармоочу жайында болушкан.

Белгилей кетсек, жашы жете элек жарандар Россиянын аймагында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калган.

Өлкөгө жеткирилген балдар менен үй-бүлөдө жашоо жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында болуу себептери такталды. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору өз ишин ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары менен кызматташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15484