Жүргүнчү ташыган автобус менен унаа сүзүшүп, 1 адам жабыркады
RU

Жүргүнчү ташыган автобус менен унаа сүзүшүп, 1 адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, күбөлөр видеосу менен бөлүштү. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кырсык тууралуу Kaktus.kg сайтына маалымат беришти.

Такталгандай, жол кырсыгы 6-февралда болжол менен саат 23:30 чамасында катталган. Анда Ахунбаев/Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинен Honda Fit унаасы автобустун алдына чыга калган. Автобус базага кайтып бара жаткандыктан, ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Кырсыктан Honda Fit`тин айдоочусу жабыркаган.

Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздукка көңүл буруу зарыл экендигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15494