Чындыкты айтсаң "бузуку" дешет. Талас жергиликтүү кеңешинин депутаты иши жөнүндө
RU

Чындыкты айтсаң "бузуку" дешет. Талас жергиликтүү кеңешинин депутаты иши жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аймактардагы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Жогорку Кеңештин депутат айымдары дээрлик бирдей көйгөй, кыйынчылыктарга кабылышат. Бул тууралуу Kaktus.kg аймактардагы бир катар жерлигиктүү депутаттардын баяны менен чагылдырып берип жатат. Бул ирет, редакция аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүп "бузуку" атка конгон Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутатын баяндайт.

"Айылдаштардын сунушу менен депутат болдум"

Айгүл Дүйшөнова Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата (мурдагы аталышы Ленинполь) айылдык кеңешинин депутаты. Ал кокусунан эле депутат болуп калганын айтып берди. Буга чейинки иштерин байкап жүргөн айылдаштары депутаттыкка талапкерлигиңди кой деп сунушташкан.

"Кошуналардын бири айтып калды "айым депутаттардын квотасы бар экен, талапкерлигиңди коюп көрбөйсүңбү" деп. Мен ойлонуп, макулдугумду берип, талапкерлигимди койдум. Ал учурда мектепте орус тилинен сабак берип иштечүмүн. Мугалимдер, ата-энелер угуп, менин талапкерлигимди колдоп беришти", - дейт ал.

Айгүл Дүйшөнова депутат болгондон кийин айылдаштары тарабынан эмес, Facebook сыяктуу социалдык тармактардан сынга кабылганын айтып берди.

"Facebook баракчасын байма-бай окуп келем. "Катын башың менен үйүңдө эле отура бербейсиңби", "Сага эмне бар?", "Балдарыңды багып, үйдө эле отура бер" дешти. Бирок депутаттык корпус арасында сынга алып, мырзалар тарабынан бөлүү болгон жок, айылдаштар арасында деле андай сөздөр айтылган жок. Себеби, мен айылдын көйгөйүн көтөрөм. Маселелерин чечкенге аракет кылам. Ошондуктан мени колдойт деп ойлойм" - деди депутат.

"Депутаттык - бул наам эмес, элдин жүгү"

Депутат айым башында бул ишти аркалоо, түшүнүү оор болгонун белгиледи. Ал депутаттык наам эле эмес, элдин жүгү экенин эми түшүндүм дейт.

"Азыр көпчүлүк учурда элдин көйгөйүн көтөргөндө бийлик өкүлдөрүнө сын айтканда "бузуку" деген атка конот экенсиң.

Бирок "бузуку" деген атты жакшы мааниде түшүнөм. Мен, демек, эски стереотиптерден элди алыстатып жатам. Элди жакшы жашоого үндөп, аң-сезимин буруп жатам деп ойлойм. "Бузуку" менин оюмча жакшы сөз. Мен андай нерсеге психологиялык жактан даяр болдум. Ошол себептүү бир маселени көтөрүп чыкканда баары 100 пайыз сени колдойт дегенден алыс болуш керек экен. Ар кандай сын-пикирлер айтылды. Бирок мен ага өзүмдү даярдагам. Андыктан жаман сөздөрдү жүрөккө жакын албайм", - деп кошумчалады депутат Дүйшөнова.

"Жолдошума аялыңды тыйып кой!" деп айткандар болгон"

Айгүл Дүйшөнова элдин көйгөйү менен бирге мамлекеттик мекеме, ар кандай тармакта мыйзам бузуу же алешемдиктер болсо аларды да жойгонго, аны менен күрөшкөнгө аракет кылып келет. Мындан улам Айгүл айымдын өзүнө эле эмес, жолдошуна да ар кандай жаман сөздөр, кайрылуулар болорун белгиледи ал.

"Аялыңды тыйып койбойсуңбу?! Акимге сын-пикир айтып жатат, аялыңды кичине кой деп кой" деген сөздөр айтылды. Бирок жолдошум мени бир да жолу тыйган жок. Жакындарыма, байкелериме да андай сөздөр менен кайрылган адамдар көп болгон. Байкемдин реакциясы мага абдан жаккан. Ал: "Өзүңөр жакшы иштей албасаңар, мен эмнеге карындашымды тыйышым керек? Ошол карындашыма сөз болбой тургандай иштегиле. Мен карындашымды тыя албайм", деп жооп берген да.

Жалпысынан жакындарымдын, балдарым, туугандарымдын колдоосун сезип турам. Эң башкысы жакындарың колдоп турса, бардыгын жеңип, саясатта өз оюңду карманып, иштесең болот экен. Эң башкысы чындыкты тайманбай айтып, туруктуу позицияң болушу керек", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15513