Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри Көлбаевге жер берген деп кармалды
RU

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри Көлбаевге жер берген деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, мурдагы аткаминер Камчы Көлбаевге жер тилкесин берген деп айыпталууда.

Коопсуздук комитети тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен мамлекеттик кызмат адамдарынын байланышы такталган.

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум К.Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы баасы 10 млн сомдон ашкан жер тилкесин бергени аныкталды.

Анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылар да табылган. Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.

Ошондой эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15526