Музыкант, обончу Бакыт Капаров көз жумду
RU

Музыкант, обончу Бакыт Капаров көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Музыкант, обончу Бакыт Капаров 55 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маданият өкүлдөрү билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бакыт Капаров инсуьт алып, Тез жардам клиникалык ооруканасына түшкөн. Ал комада жатканы маалымдалган.

Музыкант 13-февралда каза болуп калды.

Бакыт Капаров 1968-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Ал "Жубайыма", "Төк жамгыр", "Тоң мекеним" жана башка 50дөн ашык чыгарма жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15530