Милиция кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды
RU

Милиция кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 11-февралга караган түнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген патрулдук милицияны жана укук коргоо органдарына тиешеси жок дагы бир адамды кармады.

Милиция кызматкеринен гашиш салынган 48 ширеңке кутучасы алынган. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 13-февралда соттун чечими менен алар Бишкектеги СИЗОго камакка алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул кылмышка дагы бир милиция кызматкери шектелүүдө.

Февраль айынын башында Чүй ОИИББдин кызматкерлеринен мефедрон табылып, кармалганы маалым болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15536