Боронбаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Саидбек Зулпуев депутат болду
RU

Боронбаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Саидбек Зулпуев депутат болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди арызынын негизинде мандатынан ажыратып, бош калган орунга Саидбек Зулпуевди депутат кылып каттады.

Муну менен Саидбек Зулпуев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болду. Ага ырастама жана төш белги берилди.

Саидбек Зулпуев 1968-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы Россиянын экономикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолун "Кыргызгипроводхоз" долбоорлоо институтунда жетектөөчү адис, жетекчинин орун басары катары баштап, кийин агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси болгон.

2012-жылга чейин Финансы министрлигинин бөлүмдөрүндө эмгектенген.

2012-2021-жылдары Банктарды жоюу боюнча агенттикте директору болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15540