Ошто милициянын бөлүм башчысы чет элдик жарандан пара талап кылган деп кармалды
RU

Ошто милициянын бөлүм башчысы чет элдик жарандан пара талап кылган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, милиция 2 миң доллар талап кылган.

Такталгандай, 2023-жылдын декабрь айында АКШ жараны Н.Б. Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы К.И.А.га кайрылган. Ал М.Н.М. аттуу кыргыз жараны зордуктады деп айыптап, коркутуп, шантаж кылып жатканын айтып, чара көрүүнү суранган.

Бирок милиция кызматкери айыпталуучу тарап менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жараны Н.Б.дан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган.

Мындан улам чет элдик жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылып, М.Н.М.га карата чара көрүү үчүн арыз жазган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда М.Н.М. пара менен кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында, талап кылынган акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу аялды милиция кызматкери К.И.А. өзүнүн жеке унаасы менен алып келгендиги, кармоо учурунда качып кеткен.

Аталган кылмыш ишин тергөө УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп, 13-февралда Ош ОИИБдин бөлүм башчысы К.И.А. пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15544