Бишкектеги аялдамада уурдалган телевизор боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө
RU

Бишкектеги аялдамада уурдалган телевизор боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен. Тиешелүү видеону күбөлөр тартып алышкан.

Борбор калаа башкармалыгынан аялдамадагы телевизордун уурдалганын ырастап, учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15549