8 жыл мурда жансыз денеси табылган кишинин өлүмүнө шектүү кармалды. Видео
RU

8 жыл мурда жансыз денеси табылган кишинин өлүмүнө шектүү кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, маркумдун жакындары Камчыбек Ташиевге кайрылып, кылмыштын бетин ачууга жардам сурашкан.

Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын жансыз денеси 2015-жылдын 3-сентябрында табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон.

Бул фактынын негизинде Жалал-Абад ОИИБи тарабынан "Адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголгон. Бирок 8 жылдан ашык убакыттан бери кылмыштын бети ачылбай келген. Мындан улам маркумдун жакындары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүүнү өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөг иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө адам өлтүрүүгө шектүү аныкталды. Ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. экени такталды. Шектүү кылмыш жасаганда мас абалында болгонун, жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөнүн моюнга алган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары жүрүп жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15556