Медициналык кызматкерлерге компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү
RU

Медициналык кызматкерлерге компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Белгилесек, мындан мурда медициналык кызматкерлер компенсация төлөөгө байланыштуу көйгөлүү маселелер боюнча митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1556