Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга барат
RU

Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-21-февралда Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Белгилүү болгондой, өлкө башчы Казань шаарында өтө турган "Келечек Оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт.

"Иш-чаранын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жана Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15571