Кредитти 5 мүнөттө кантип алууга болот?
RU

Кредитти 5 мүнөттө кантип алууга болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Жашоодо кошумча акча керек болгон учурлар көп кездешет. Мисалы шашылыш ремонт жасоо, кандайдыр бир техника же өзгөчө майрамга белек сатып алуу керек болот. Андай учурларда кредитти тариздөөгө же банкка барууга убакыт короткуӊ келбейт. Мындай шартта керектүү сумманы бир нече мүнөттө алууга мүмкүндүк берген онлайн-кредиттер жардамга келет.

"Компаньон" мобилдик тиркемесинен 5 мүнөт ичинде күрөөсүз жана кепилдиксиз, бир айдан 24 айга чейинки мөөнөткө кредит алууга болот. Эгерде сиз кредитти эрте төгүп кутулгуӊуз келсе, анда аны эч кандай айып пул төлөбөй ишке ашыра аласыз.

"Компаньон" мобилдик тиркемесинин алыстан идентификациядан өткөн колдонуучулары 15 000 сомго чейин кредит ала алышат. Ал эми банктын бөлүмдөрүнүн биринен идентификациядан өткөн "Компаньон" мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн, анын ичинде Банктан кайталап кредит алган кардарларга 200 000 сомго чейин жана жаӊы кардарлар үчүн 1000 сомго чейинки кредиттер жеткиликтүү.

Үйдөн чыкпай кредит алуунун нускамасы:

  • "Компаньон" тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу акысыз көчүрүп алыӊыз;
  • каттоодон жана идентификациядан өтүӊүз;
  • тиркемени ачыӊыз жана башкы беттен "Кредиттер" > "Кредит алуу" бөлүмдөрүн тандаӊыз;
  • кредит алуунун шарттары менен таанышыӊыз;
  • идентификациялоо жол-жобосунан өтүӊүз;
  • керектүү сумманы жана мөөнөттү тандаӊыз;
  • система сураган жеке маалыматтарды толтуруӊуз;
  • оперативдүү кароону күтүӊүз, өтүнмөлөр 24\7 каралат;
  • кредит келишими менен таанышыӊыз жана кол коюӊуз.

Жактыруудан кийин кредит "Компаньон" тиркемесинин балансына которулат.

Кредитти "Компаньон" тиркемесинин өзүнөн, ошондой эле төлөм терминалдарынан, Кыргызстандын башка банктарынын жана уюлдук операторлорунун мобилдик тиркемелеринен төлөй аласыз. Белгилей кетсек, "Компаньон" тиркемесин, Компаньон банктын эсептерин толуктоо, анын ичинде кредиттерди төлөө өлкөнүн дээрлик бардык терминалдары жана электрондук капчыктары аркылуу КОМИССИЯСЫЗ жүргүзүлөт.

Алынган акча каражаттарын банктын кеӊселеринен же Компаньон Банктын Агенттеринен накталай алууга болот. Эгерде сизде Компаньон Банктын картасы бар болсо, анда акча каражатыӊызды өлкөдөгү бардык банктардын банкоманттарынан акысыз ала аласыз.

Толугураак маалыматты www.kompanion.kg расмий сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 телефон номери (мобилдик операторлордон чалуу акысыз) же WhatsApp 0770 33 88 00 номери аркылуу сурап билүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15574