Тизеден ашкан карды кечип мектепке барган мугалимдерге министр ыраазычылык билдирди
RU

Тизеден ашкан карды кечип мектепке барган мугалимдерге министр ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калың жааган карды жиреп, ишке барган мугалимдерге билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, 20-февралда социалдык тармактарга мугалимдердин карды жиреп, мектепке бараткан видеосу тараган.

Маалым болгондой, кар кечип, мектепке бара жаткан мугалимдер Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинде иштешет. Алар Дамира Султанбаева менен Бактыгул Дадакеева. Тизеден ашкан карды жиреп, ишке барган мугалимдерге министр ыраазычылык билдирди.

Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектепте 163 окуучу билим алат. Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15589