Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын урунттуу учурлары
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Россияга (Татарстан Республикасы) болгон иш сапары аяктап, бүгүн, 22-февралда Бишкекке кайтып келди. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Анда Путин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеген. Ал Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров Владимир Путиндин 2023-жылдын октябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилеп, Россияга ар дайым көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды. Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Рустам Минниханов Садыр Жапаровду Кыргызстан жана Татарстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн "Дуслык" ордени менен сыйлады.
Мындан тышкары бул сапардын алкагында Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы болду.
Садыр Жапаров 21-февралда Владимир Путин, Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахман менен бирге "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.
Андан соң мамлекет башчылары "Келечек оюндарынын" инсталляцияларын, "Digital sport" жаңы дисциплиналары боюнча арт объектилерди көрүп чыгышты, ошондой эле Dota-2 жана "Фиджитал футбол" дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырышты.