Эмгек министринин орун басары УКМК тарабынан кармалды
RU

Эмгек министринин орун басары УКМК тарабынан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу каражатты максатсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Андагы маалыматка караганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21-февралда эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. (ред.: Чаначев Улан Белекович, санариптештирүү, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо маселелерин көзөмөлдөйт) кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

"Учурда бул фактыга министрликтин дагы башка кызмат адамдарынын тиешеси бар, жогун аныктоого багытталган тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15594