Окуучу кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды
RU

Окуучу кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн-1 кичи районунда окуучу кызды жүк ташуучу унаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктан кийин эс-учу жок жаткан кыздын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Бишкек шаардык тез жардам кызматынан жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен 10 жаштагы кыз оор жаракат алып, жеринде каза тапканын билдирди.

Көп узабай эле Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды.

Шектүү 1997-жылы туулган А.А.В. экени такталды. Ал Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына өткөрүлдү, ал эми жүк ташуучу унаа айып короосуна токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15595