"Беш-Сарынын" негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды
RU

"Беш-Сарынын" негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Беш-Сары" ЖЧКсынын негиздөөчүсү, мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелүүдө.

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында "Беш-Сары" ЖЧКсынын негиздөөчүсү К.Жолдошбаев тарабынан уюштурулган (Аталган ишкана - Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдери аныкталды.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен "Беш-Сары" ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген.

Ошондой эле "Беш-Сарынын" бухгалтериясы салыктык отчёттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

Иш жүзүндө ижарачы 1 соода түйүнү үчүн 16100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде – 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилген эмес, соода түйүндөрүн өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн ижарачылардын ижарага алуу укугун жана шарттарын тастыктаган документтери жок болгон. Башкача айтканда, "Беш-Сары" ЖЧКсынын жетекчилиги соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган.

21-февралда Жолдошбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыштын башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15597