"Альянс Алтын" өлкө казынасына 15 млрд сомдон ашык салык төктү
RU

"Альянс Алтын" өлкө казынасына 15 млрд сомдон ашык салык төктү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы 2015-жылдан тартып 2024-жылдын январь айына карата мамлекеттик казынага 15 миллиард 947,7 миллион сом салык төктү. Бюджетке төгүлгөн салыктын жалпы суммасынан 11 миллиард 396,6 миллион сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин салыгы.

"Альянс Алтын" муну менен эле чектелбестен "Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кароого алтынды сатуудан түшкөн каражаттан 2 пайыз" беренеси боюнча да жергиликтүү фонддорго каражат бөлөт.

Аталган берене менен өндүрүш иши башталгандан тартып 1,1 миллиард сом Талас облусунда түзүлгөн үч өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн.

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 578,8 миллион сом;
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна - 347,3 миллион сом;
  • Бекмолдо айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна - 231,5 миллион сом.

Учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 751 вахталык кызматкер иштейт. Анын ичинен:

  • 526 жумушчу – Талас облусунун тургуну;
  • 219 жумушчу - Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15605