Баткенде бузулган дамбанын сел сууларын тазалоо иштери жүрүп жатат
RU

Баткенде бузулган дамбанын сел сууларын тазалоо иштери жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 6-май күнү, саат 23:13 чамасында Кадамжай районунун тоолорунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп, узундугу 4-5метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан улам 1500 жаран коопсуз жерлерге чыгарылган. Натыйжада Торговый айылынын жолдорун, Техас кафесинин короолорун жана жол боюндагы дүкөндөрдү сел суулары баскан.

Азыркы убакта суу токтоп, жергиликтүү эл туруктуу жашаган аймактарына кайтышты. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Кырсык болгон жерде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгы жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда, деп КРдин Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1562