Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кеткени айтылды
RU

Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кеткени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов жана экс-депутат Искендер Матраимов Кыргызстандан чыгып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Ал эми Жогорку Кеңеш Шайлообек Атазов дарылануу үчүн, Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу эмгек өргүүгө чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар Жогорку Кеңештин депутаттары мандатын тапшырышы керек деп айтыла баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15631