"Альянс Алтын" Талас облусунун Манас РИИБине кызматтык автоунаа берди
RU

"Альянс Алтын" Талас облусунун Манас РИИБине кызматтык автоунаа берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан Манас райондук ички иштер башкармалыгына Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Мындай маалыматты Талас облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган компания Талас ОИИБдин техникалык базасын чыңдоо максатында ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келген. Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында унаанын каттоочу иш кагаздары аяктап, салтанаттуу түрдө унааны тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага башкармалыктын жетекчилери "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев, "Альянс-Алтын" ЖЧКнын өкүлдөрү жана ОИИБдин өздүк курамы катышышты.

Унаа тапшыруу аземинде ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаевге Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына "Колдоо көрсөткөндүгү үчүн" медалын тапшырып, "Алтын Альянс" компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык айтты.

Талас ОИИБдин кызматтык автоунааларынын катары "Альянс Алтын" компаниясы аркылуу толукталып келген. Кызматтык унаалар кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ыкчам аракеттенүүгө милициянын кызматын жеңилдетип, элдин коопсуздугуна пайдалуу кызмат көрсөтүүгө жардам берет. Колдоолор үчүн Талас ОИИБдин башчысы "Альянс Алтын" компаниясына ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан облустун инфраструктурасына гана эмес, социалдык жана башка бардык тармактарына да жардам көрсөтүлүп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15641