Айрым блогерлер жарнамалаган кумар оюндарынын уюштуруучулары кармалды
RU

Айрым блогерлер жарнамалаган кумар оюндарынын уюштуруучулары кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогерлер өздөрүнүн аккаунттары аркылуу Кыргызстандын аймагында лицензиясы жок букмекердик конторалардын оюндарын жарнамалап, оюнга катышууга үндөгөн роликтерди активдүү жайылтканы боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИББден билдиришкендей, кумар оюндарынын уюштуруучусу делинген эки адам кармалды.

Маалым болгондой, Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Териштирүүнүн алкагында лицензиясы жок букмекердик кеңселерди иштетип, жарандардын акча каражаттарын системалуу түрдө уурдоо менен алектенген, ошондой эле жергиликтүү блогерлерди пайдаланган чет элдик 2002-жылы туулган Ж.М. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар кармалды.

Алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, акча каражаттары, документтер, банк карталары жана кылмыш ишине тиешеси бар башка буюмдар алынган.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15645