Көк бөрү оюнундагы эрежелер күчөтүлдү
RU

Көк бөрү оюнундагы эрежелер күчөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү федерациясынын башкармалык мүчөлөрүнүн жыйыны өтүп, анда "Нооруз-2024" турнирине акыркы даярдыктар тууралуу пикир алмашуу болду. Аталган федерациядан кабарлашкандай, жыйында көк бөрүдөгү өзгөргөн жаңы эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү.

Эрежени өзгөртүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Рамис Кудайбергенов, жаңы эрежелерге ылайык тартип маселеси күчөтүлгөнүн баса белгиледи.

Оюн ичинде тартипке баш ийбегендер, калыска одоно мамиле кылса, атүгүл атаандашка карата абийирсиз сөз үчүн команда оюнчусуна дароо кызыл кагазы көрсөтүлөт. Мындай күчөтүлгөн тартипти киргизүүгө соңку учурдагы көк бөрүдө терс көрүнүштөр көп кезедеше баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ошондой эле оюндагы айрым өзгөрүүлөрдөн тышкары буллит жана чабуулга да түзөтүүлөр киргени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр менен кабыл алынган жаңы эрежелер мындан ары Көк бөрү федерациясынын расмий kokboru.net сайтына жайгаштырылып, коомчулук документ менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15652