Өлкөдө Орозо айы 11-мартта башталат
RU

Өлкөдө Орозо айы 11-мартта башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдагы Рамазан айы 11-мартта башталат. Муфтияттан билдиришкендей, 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

"11-март, дүйшөмбү күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп эсептелди. 10-апрель Орозо айттын биринчи күнү деп эсептелинди. Рамазан айын бардык жакшылыктарга себепчи кылуусун жана момун мусулмандарды ыйык Орозо айт майрамына сак-саламатта жеткирүүсүн тилек кылабыз", - дешти Муфтияттан.

Белгилесек, былтыр Орозо айы 23-мартта башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15670