"Кызыңыз кырсыкка кабылды". Телефон алдамчылыгына тиешеси бар курьер кармалды
RU

"Кызыңыз кырсыкка кабылды". Телефон алдамчылыгына тиешеси бар курьер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Биринчи Май РИИБи тарабынан телефон алдамчылыгына тиешеси шектүү кармалды. Ал курьер болуп иштеген жана алданган жарандардан өзгөчө ири өлчөмдө акча алып, экинчи дарекке жеткирип турган.

ИИМден билдиришкендей, февралдын аягында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, телефон алдамчыларынын курмандыгы болгонун билдирген. Түнкү маалда белгисиз адамдар жабырлануучуга телефонго чалышып, "кызың жол кырсыгына кабылды" деген шылтоо менен алдап 12000 долларын жана 250 миң сомун ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды. Ал 2003-жылы туулган Ш.уулу Т., борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болот. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тагыраагы, шектүү 4-кичи райондун тургунунан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29000 доллар, "Чыгыш-5" кичи районунун жашоочусунан 265000 сом жана 300 доллар, "Жал" кичи районундагы жарандардын биринен 9000 доллар, дагы башка тургундан 250000 сом, 900 доллар, 1500 евро алып кеткен.

Телефон алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдамчыларга жабырлануучулардан акча каражатын алууга жардам берген курьерлердин дагы кылмышка тиешелүүлүгү каралууда.

Курьерлер кылмышка шериктеш болгону үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Далилдер толук топтолгон учурда курьерлердин аракеттери уюшкан топко катышуу катары бааланышы мүмкүн, бул жоопкерчиликтин күчөшүнө алып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15674