Путин Тажикстандагы аскер базасын бекемдейт
RU

Путин Тажикстандагы аскер базасын бекемдейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия, Тажикстандагы 201-аскер базасын бекемдөө боюнча иш алып барып жатат. Бул тууралуу РФтин президенти Вадимир Путин билдирди.

"Интерфакс" агенттиги берген маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрду жүргүзүү учурунда россиялык лидер тажик куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча иш алып барып жатканын айткан. Бул багыт боюнча Москва менен Душамбе шаарларынын ортосунда бир нече жылга созула турган бирдикитүү иштери бар.

РФтин президенти ал программаны өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык аракеттер көрүлө турганын баса белгиледи.

Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын өз аймагынан тышкары жайгашкан эң ири аскерий объект болуп саналат. Душамбе жана Бохтар шаарларында орун алган. 2012-жылдагы кол коюлган макулдашууга ылайык, база Тажикстанда 2042-жылга чейин болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1567