Кыргызстанда дезертирлерге мунапыс берилет
RU

Кыргызстанда дезертирлерге мунапыс берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө мыйзамына ылайык, аскерлерге мүмкүнчүлүк берилет. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.

Жогоруда аталган мыйзамдын 2-беренесине ылайык, "Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштоо" жана "Дезертирлик" беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 2024-жылдын 13-февралынан тартып 13-майын кошуп алган мезгил аралыгында Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерге өз ыктыяры менен кайтып барса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Чек ара кызматы буга чейин укуктук талаанын чегинен чыккан аскер кызматчыларын козголгон кылмыш иштерин токтотуу үчүн Аскер прокуратурасынын органдарына өз ыктыяры менен келүүсүн сунуштайт.

Кайрылуу үчүн даректер:

  • Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Баткен облусу, Баткен шаары, Курманжан датка көчөсү, номери жок;
  • Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ош шаары, Петров көчөсү, 33;
  • Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 2б;
  • 4. Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Аманбаев көчөсү, 168;
  • 5. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15683