Тажикстандык боевиктер Максат айылында жүргөн видео соцтармактарга чыкты
RU

Тажикстандык боевиктер Максат айылында жүргөн видео соцтармактарга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Тажикстандык боевиктер кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт учурунда Максат айылынан алыс эмес жерден дислокация болгонун көрсөткөн видео тарады.

Болжол менен видео 29 же 30-апрелде тартылган. Ал кезде конфликт курч фазасында турган болчу. Белгилей кетсек, видеодо куралданган адамдардын жанында тажик аскерлери да бар (униформасынан улам алардын айырмасын байкаса болот), алар БТР менен жүрүшөт. Ал эми боевиктер пулеметтор менен куралданган беш жол тандабас менен жол жүрүшөт.

Болжол менен отрядды Тажикстандын милициясынын генерал-майору Хуршед Изатулло Мухаммадзода жетектеген.

Видеодогу кадрларда көрүнгөндөй, алар Максат айылынын чыга беришиндеги заправканын жанынан токтоп (ред.эск. - бул айыл Тажикстандын кол салуусунан эң көп жабыркады) башкаларды күтүп жатышат. Экинчи топ күрөк менен кетмендерди сүйрөп келатканын көрүүгө болот. Болжол менен окоп казып, жерге миналарды көмүү үчүн.

Боевиктерде Калашников автоматтарынан тартып М-16га чейинки түрдүү курал жарактары болгон. Колдонуучулар белгилегендей, калган курал-жарактын фонунда россиялык ORSIS T-5000М снайпер винтовкасы өзгөчө көрүнүп турганын байкашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1568