Chargefast пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды
RU

Chargefast пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Chargefast пирамидасынын негиздөөчүсү делинген жаран кармалды. Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, анын үстүнөн 100дөн ашык жаран арыз жазган.

Арыздануучулар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен көп суммадагы акча каражаттарын ээлеп алгандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган пирамиданын эң негизги уюштуруучусу 1981-жылы туулган С.С. кармалды. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15692