Бишкекти көрктөндүрүү, тазалоо, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды
RU

Бишкекти көрктөндүрүү, тазалоо, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдирип, жарандарды дана ишкерлерди иш-чарага активдүү катышууга чакырат.

Көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандар тартылат.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды.

Төрт райондорунун акимдерине МАБ менен биргеликте бекитилген участоктор, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактар менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15694