Депутаттар нааразы болгон эмгек министринин орун басары кызматынан бошотулду
RU

Депутаттар нааразы болгон эмгек министринин орун басары кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашат.

Маалым болгондой, буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин депутаттар Марлен Маматалиев менен Гуля Кожокулова Нурдөөлөт Базарбаевдин жоругуна нааразы болушкан. Алардын айтымында, чиновник депутаттарга кандай мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу керектигин, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасына жолдогон катында да көрсөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15699