"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Баткендеги жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүүдө
RU

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму Баткендеги жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-майда ыкчам түрдө медициналык жардам көрсөтүү максатында "Чек арасыз дарыгерлер" (Médecins Sans Fontières) эл аралык уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын аймактарында болгон чыр-чатактан кийин жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүп, көчмө медициналык клиникалар иш алып барууда. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылган.

30-апрелде, кагылышуулар жөнүндө биринчи билдирүүлөрдөн кийин "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун жамааты көчүрүлгөн калктын муктаждын баалап, адистештирилген психологиялык жардам жана алгачкы медицико-санитардык жардам көрсөтүүдө олуттуу маселелер жаралгандыгын аныктаган.

1-майда "Чек арасыз дарыгерлер" уюму Баткен шаарына көчүрүлгөн калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, көчмө клиника иш алып барууда. Негизинен жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, диарея жана жогору дене табы менен кайрылып жатышты.

Көчмө клиникаларга кошумча катары "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун психологдор командасы аялдар жана балдар менен жекече консультацияларды жүргүзө башташкан.

"Биздин жумушубуз көчүрүлүп келген адамдар арасында жаракаттан кийинки стресстик тынчсыздануунун алдын алууга багытталган", - дейт, уюмдун психологу Жазгул Атакулова.

"Адамдардын көпчүлүгү дистресстин, тынчсыздануунун, курч стресс белгилери байкалган, ошол эле учурда айрымдарында өнөкөт дистресстин жана депрессиянын белгилери байкалгандыгы региондун бул бөлүгүндө чек ара кагылышуулары жана чыңалуу ушул күнгө чейин да болуп келгендиги жөнүндө маалым берип турат".

2-майда "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун командасы Баткен облусунун батыш бөлүгүнө ыкчам түрдө, жеринен таанышып, жагдайга баа берүүнүн үстүнөн иштеп баштаташты, анда болжол менен, 30 000ден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан, ошондой эле көп сандаган үйлөр жана бизнестер күйүп кеткен.

"Исфанага жол ачылары менен, биз Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жабыркаган аймактарга ыкчам турдө комплекстүү баа берүүнү жүргүздүк", - деп айтты Кыргызстандагы "Чек арасыз дарыгерлер" миссиясынын жетекчиси, Кевин Коппок. "Кагылышуудан көптөгөн адамдар жапа чекти жана алар өзгөчө Кулуңду жана Самаркандек оруканалары камтыган аймактардан болушкан. Бул эки аймак тең бир топ олуттуу зыянга учураган. Биз, жергиликтүү саламаттык сактоо органдарына алардын чыр-чатактан жапа чеккен үй-бүлөлөргө баштапкы медициналык кызмат жана психосоциалдык жардам көрсөтүү ишмердүүлүктөрүнө колдоо көрсөтмөкчүбүз".

____________________________________________________________________________

"Чек арасыз дарыгерлер" Кыргызстанда 1996-жылдан тартып иштейт. Ош облусунун Кара-Суу районунда "Чек арасыз дарыгерлер" уюму дарыга туруктуу кургак учукка каршы жаңы жана инновациялык диагностика жана дарылоо, анын ичинде бейтап тарабынан дарыланууга болгон мамилени жакшыртуу максатында видео байкоону киргизип, терс таасири төмөн жана кыска мөөнөттүк дары менен дарылануу ыкмалары менен бирге орууну аныктоону жакшырттууга бир топ салымын кошту.

Акыркы беш жылда "Чек арасыз дарыгерлер" уюму Кадамжай районунда медициналык жардам көрсөтүп жатат, бул аймакта айрым өнөкөт ооруларынын көрсөткүчтөрү Кыргызстандагы салыштырмалуу жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1569