Дзюдо федерациясынын президенти отставкага кетти. Анын милдетин Конгантиев аткарат
RU

Дзюдо федерациясынын президенти отставкага кетти. Анын милдетин Конгантиев аткарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Аталган федерациядан маалымдашкандай, президенттин милдетин аткаруу Куванычбек Конгантиевге жүктөлдү.

Белгилүү болгондой, 6-мартта дзюдо федерациясынын башкаруу комитети Көлбаевдин арызын карап чыгып, суранычын канааттандырган. Ошону менен бирге "Париж-2024" Олимпиада айлампасынын аягына чейин Куванычбек Конгантиевди федерациянын президентинин милдетин аткаруучусу кылып дайындады.

Конгантиев:

  • Дзюдо жана самбо боюнча спорт чебери. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо Федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган.
  • 2007-жылдан азыркы күнгө чейин дүйнөдөгү дзюдонун негиздөөчүсү Дзигаро Кано атындагы дзюдо күрөшү боюнча балдар жана өспүрүмдөр клубунун президенти.
  • 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин отчёттук-шайлоо конференциясында Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти болуп шайланган.
  • 2009-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган.
  • 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо Федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.
  • 2012-жылдан ушул күнгө чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.
  • 2021-жылы жана азыркы учурга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15708