Араб фонду 500 томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таратты
RU

Араб фонду 500 томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркартылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин басма сөз кызматы малымдады.

Иш-чарага Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында аталган жардам Министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда. "Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы "Аль-Махтум" фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга "Жаркын жаштар келечеги" фондунун салымы чоң", - деди ал.

Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар улантылаарын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1571