Азимбек Бекназаровдун уулу кырсыкка кабылды деген видео боюнча милиция маалымат берди
RU

Азимбек Бекназаровдун уулу кырсыкка кабылды деген видео боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан жол кырсыгына кабылды деген видео социалдык тармактарга тараган. Ошондой эле Азимбек Бекназаровдун президентке кайрылып, "уулумдун унаасынын тормозной шлангдарын кесип, жол кырсыгына кабылттыңар, үй-бүлөмө тийишпегиле" деген видеосу Тик Токко жарыяланган.

Бул билдирүүдөн кийин Чүй ОИИББи текшерүү жүргүзүп, жол кырсыгы катталганын, бирок Азимбек Бекназаровдун айткандары такталбаганын маалымдады.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын "Тез жардам" кызматынын фельдшери суралып, ал төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"12-мартта болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек - Манас аэропорт унаа жолунда Honda Fit унаасынын айдоочусу Руслан Бекназаров жол эрежелерин сактабагандыктан Бишкек шаарына бара жаткан жүргүнчү ташуучу М.В. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter унаасын сүзүп, кырсыкка кабылган.

Руслан Бекназаровго биринчи жардам көрсөтүлгөн жана айдоочулар өз ара чечишип алдык дегенине байланыштуу милиция кызматкерлерине кабар берилген эмес", - деген фельдшер.

Учурда тергөө тобу тарабынан жол кырсыгы боюнча тийиштүү күбөлөр суралып, унаалар айып короосуна киргизилип, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды.

Ал эми Honda Fit`ти соттук-автотехникалык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүү учурунда унаанын токтотуучу (тормозной) системасы жана шлангдары кесилбегендиги жана тормоздук суюктугу өзүнүн нормасында болгону аныкталды.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө жана анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15727