"Кримтөбөлгө операция жасаган эмесмин." Министр депутаттын айыптоосуна жооп берди
RU

"Кримтөбөлгө операция жасаган эмесмин." Министр депутаттын айыптоосуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун дарегине айткан билдирүүсүнө жооп берди.

Буга чейин, Жогорку Кеңеште депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү керектигин билдирген эле.

"Азыркы саламаттыкты сактоо министринин каймана аты бар экен, "Чёрный хирург" деген. Убагында Рыспек Акматбаевге (кримтөбөл) операция кылып жүргөн. Уюшкан кылмыштуу топтун ок жеген же бычакталган балдарын бекитип алып барып, үйүндө же башка жерде операция кылып жүргөн. Бул уят нерсе! Президенттин башын 1 жыл айлантты. Буга чара көрүшүбүз керек",- деп билдирүү жасаган эл өкүлү.

Министр өз кезегинде Ахунбаев Улуттук госпиталдын клиникасынын башчысы болуп турганда, 2000-жылдары мурунку №47 колониянын медициналык бөлүмүндө оор абалдагы оорулууларга чындыгында операция жасаганын, бул дарыгердин милдети экенин белгиледи.

"Хирург болуп иштеп жүргөндө депутатына да, министрине да, түрмөдөгүлөрүнө да операция жасагам. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу ыктымал. 47-колония Ахунбаев атындагы клиниканын камкордугунда экени эч кимге жашыруун эмес. Анда анестезиолог, хирург, кардиолог, уролог, невропатологдордун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп калабы? Рыспек Акматбаевди билчү эмесмин, ага операция да жасаган эмесмин", - деди Бейшеналиев.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15728