Эл артисти Талгар Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
RU

Эл артисти Талгар Жакшылыков акыркы сапарга узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков бүгүн, 15- мартта акыркы сапарга узатылды. Ал 14-мартта оорудан улам каза болгон.

Коштошуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри баштаган расмий өкүлдөр, кесиптештери, жакындары жана кеңири коомчулук катышты.

Эл артисти Талгарбек Жакшылыковдун сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Өмүр баяны:

  • Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн.
  • 1986–1988-жылдары Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында алгачкы музыкалык билим алган.
  • 1988–1993-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда "Жеке ырдоо", "Опера жана концерт ырчысы, педагог" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марлен Темирбеков жана Владимир Муковниковдун жетекчилиги астында билимин уланткан.
  • 1998-жылы ырчынын көптөн берки кыялы орундалып, "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программасынын алкагында Италияга эки жылдык стажировкага жөнөтүлгөн. Ырчы операда ырдоо өнөрүн атактуу вокал педагогу Марио Меланинин классында сабак алган.
  • Эмгек жолун алгач 1988-жылы студент кезинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артисти катары сахнага чыгып баштаган.
  • 1992–2019-жылдары театрдын жетектөөчү солисти болуп иштесе, 2005–2007-жылдары театрдын опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштеген.
  • 2007-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасында окутуучу катары эмгектенген.
  • Талгарбек Жакшылыков чет элдик жана кыргыз композиторлорунун операларында кырктан ашуун партияда ырдаган.
  • Талгарбек Жакшылыковдун маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып: 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2003-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдары ыйгарылса, 2006-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын ээси болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15735