Чүйдө дачадан аялдын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү издөөгө алынды
RU

Чүйдө дачадан аялдын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү издөөгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө "Электромеханик" дачасынан аялдын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектүү изделип жатканын Чүй ОИИББден кабарлашты.

Такталгандай, 2-мартта Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Электромеханик" дачасынан киши колдуу каза болгон аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон жаран 1975-жылы туулган М.А. экени такталган.

Аталган факты боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн алкагында кылмышты маркум менен чогуу жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган Шаршеев Бердибек Шеримкулович аттуу жаран жасагандыгы аныкталды.

Эгерде шектүү тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабар берип коюуну өтүнөт башкармалыктан: 0312 607567, 0500666600, 0702451577 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15738