Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
RU

Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабыларын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан эскертишти.

20-21-мартта төмөнкү жолдорго убактылуу чектөө кирет:

  • Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
  • Раззакова көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Кайгуул кызмат башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15743