Аскат Жетиген камактан бошотулду
RU

Аскат Жетиген камактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акын Аскат Жетиген үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus редакциясына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Бүгүн, 18-мартта Биринчи Май райондук соту УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Аскат Жетиген уулун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өтүнүчүн четке какты.

Акын тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Эске салсак, Аскат Жетиген 16-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Бишкекке жеткирилип, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. УКМК акындын кармалышы боюнча комментарий бере элек. Ал эми Аскат Жетиген Садыр Жапаровдун 14-марттагы акыркы маегин сынга алган видеосун жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15746