Кантта дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды
RU

Кантта дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дайынсыз болуп изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына Чүй ОИИББден кабарлашты.

Белгилесек, 19 жаштагы Жанарбек кызы Асел ушул жылдын 15-февралында саат 01:30да Кант шаарындагы үйдөн чыгып кеткен. Аны издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен жакындары Ысык-Ата РИИБге кайрылышкан.

Аталган факты 165-берене (адам уурдоо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Дайынсыз жоголгон Аселдин жүргөн жерин аныктоо максатында ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлүп келген.

Бүгүн, 18-мартта Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү өлүкканага жөнөтүлүп, бул факты боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен талапка ылайык чечим чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15747