Сузактын тургуну кошунасын өлтүрүүгө аракет кылганга шектелди
RU

Сузактын тургуну кошунасын өлтүрүүгө аракет кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта кошунасын өлтүрүүгө аракет кылган деген жаран чек арадан кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Такталгандай, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Р.З. аттуу тургуну 14-мартта саат 20:00 чамасында 47 жаштагы кошунасын "сүйлөшүп алалы" деп көчөгө чакыргна. Алар сөз талаша кетип, пикир келишпестиктен улам Р.З. кошунасынын денесине бир нече жолу учтуу нерсе менен сайып, окуя болгон жерден кетип калган. Ал эми жаракат алган тургун Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган Р.З. Ош облусунан коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15750