Ошто дайынсыз болуп жаткан жигит Бишкектен табылды. Ал үйдөн кеткен себебин айтты
RU

Ошто дайынсыз болуп жаткан жигит Бишкектен табылды. Ал үйдөн кеткен себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 1 ай мурда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жигит Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну 22-февралда арыз менен кайрылып, 2006-жылы туулган уулу К.М. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын, анын себептерин билбей тургандыгын жана уулун таап берүүнү суранган. Андан сырткары бийликке дагы кайрылуу жасап, уулун таап берүүнү өтүнгөн. Бардык аймактарга тиешелүү маалыматтар жөнөтүлүп, баланы издөө иштери башталган.

19-мартта К.М. Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде ашпоздун жардамчысы болуп иштеп жүргөн жеринен табылып, 20-мартта Ош шаарына жеткирилди.

Ал өз көрсөтмөсүндө Бишкек шаарына кеткенге чейин "Арзуу" кафесинде бир нече ай ашпоздун жардамчысы болуп иштеп келгендигин, тапкан акчасын өз кызыкчылыгына иштетип койгондугун билдирди. Бирок коротуп жиберген акчаларын табууну атасы талап кылгандыктан Бишкек шаарына ата-энесине айтпастан кетип, иштеп жаткандыгын билдирген.

Жигит ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15766