Ош мэриясына 100 автобус жана жеңил унаалар, оор техникалар тапшырылды
RU

Ош мэриясына 100 автобус жана жеңил унаалар, оор техникалар тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, 100 автобус Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган.

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорт жетишсиз болуп келген, жаңы алынган автобустар маселени жөнгө салууга өбөлгө түзөт. Жаңы автобустар 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу 56 адам.

Ошондой эле шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясынын Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды.

Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди.

Акылбек Жапаров унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, өзгөчө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Министрлер кабинети Кыргызстанда коомдук автоунаа маселесин чечүүнүн үстүндө ар дайым иш алып бараанын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15767