"Аккула" ат майданынын жаңы имаратына капсула салынды
RU

"Аккула" ат майданынын жаңы имаратына капсула салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан "Аккула" ат майданынын жаңы курула турган имаратын түптөө үчүн "мезгил кутусун" салды.

Президент жаңы ат майданда ат чабыш, жорго салыш, көк бөрү, кыз куумай өңдүү ат оюндары өткөрүлө турганын баса белгиледи.

Бул жер атка кызыккандардын башы биригип, ат жалы менен тең өскөн бабалардын демин сезүүнү, аны менен духун, рухун байытууну эңсегендердин ордосу болот.

Мамлекет башчысы төрт аягы тыбырап, туйлап турган тулпарларга, дубанда жок күлүктөргө, суу төгүлгүс жорголорго бир эле кыргыз жарандарын эмес, чет элдиктерди да айран таң калтырып, кызыгуусун арттырган заманбап маданий-спорттук жай болоруна ишенээрин айтты.

Ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, ал эми башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделүүдө. Мурдагы ат майдан 3 миңдей кишини гана сыйдыра алчу, анын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Президент жаңы ипподром борбор шаардын батыш тарабында жайгашканын, масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө шаар тургундарына эч кандай тоскоолдуктар, ыңгайсыздыктар жаралбай турганын белгиледи.

Садыр Жапаров ат майданын куруу пландарына токтолуп, күлүктөрдү 1600 метрге жана 2000 метрге чабуунун схемалары да чийилгенин белгиледи. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай - ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынган, кыскасы комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган.

Мындан башка ал долбоордун алкагында көмөкчү жана чарбалык имараттар: сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка ушул сыяктуу жайлар да салынат.

Мамлекет башчысы бул долбоорду түзүүгө салым кошкон, ишке ашырууга белсенген жактардын баарына терең ыраазычылык билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров Ноорузга карата көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалдык оюндарын көрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15768