Рахмон менен Путин Кыргызстан жөнүндө кеп кылышты бекен? Кремль менен Душанбенин версиясы
RU

Рахмон менен Путин Кыргызстан жөнүндө кеп кылышты бекен? Кремль менен Душанбенин версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-майда, Кремлде Тажикстандын президенти эмомали Рахмон россиялык лидер Владимир Путин менен жолукту.

Кремлдин сайты жолугушуунун стенограммасын жарыялаган. Анда эки тарап регионалдык коопсуздук, анын ичинде Афганистандын тегерегиндеги кырдаалды, соода-экономикалык кызматташууну, Россиядагы тажик мигранттардын абалын жана ШККУ менен ШОСтун алкагындагы кызматташуусун талкуулагандыгы тууралуу жазылган.

Акыркы жумадан бери Борбордук Азиядагы негизги көйгөй болуп саналган, кыргыз-тажик конфликтиси тууралуу кандайдыр бир сөз болгондугу айтылган эмес.

Үч сааттан кийин эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу стенограмма эмес, прес-релиз Тажикстандын президентинин сайтына да чыккан. Анда эки президент башка регионалдык көйгөйлөрдү да талкуулашты, деп жазылган.

Мындан мурун саясатчы Аркадий Дубнов "ансыз деле араң турган кырдаалды күчөтүп жибербөө үчүн Кремль бул туурлауу протоколдук бөлүктө сөз кылбай эле коюуну чечкен", деп божомолдогон.

Эске салсак, жолугушуу 8-майда аскер парадынын алдында өткөн. Рахмон быйыл Москвада өткөн аскердик парадка мейман катары барган жалгыз чет элдик лидер. Иш чарада күлкүлүү жагдай орун алып, Биринчи каналдын алып баруучусу Эмомали Рахмонду Эммануэль деп атап алган, бирок жаңылыштыгын дароо оңдоду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1577