Мухтар Аблязов Путиндин Рахмон менен жолугушуусуна кескин сын айтты
RU

Мухтар Аблязов Путиндин Рахмон менен жолугушуусуна кескин сын айтты

Все самое интересное в Telegram

РФтин президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун Улуу Жеңиш күнүнө арналган парадда жолугушуусу боюнча жеке пикирин Мухтар Аблязов Facebook'тагы баракчасына жазган.

"Путин тажиктер менен чыр-чатактын автору ал экенин кыргыздарга ачык эле айткандай болду", - дейт казакстандык оппозициячыл саясатчы.

Ал өзүнүн публикациясында Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликт анын уруксаты менен болгонун жашырууга аракет да кылган жок, деп жазды.

"Путин ачык-айкын белги берип жатат - Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр ага туура келбейт. Путин Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу авторитардык жана мафиялык режимди сактаган өлкөлөр менен гана дос болот", - дейт Аблязов.

Кызыл аянтта, Путин тажик президенти менен чогуу жүрүп, Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасындагы аскердик кагылышууну өзү уюштургандыгын ачык көрсөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1579